"ТНК Дастан" ААКнун дивиденддерин төлөө жөнүндө маалымат



2020-жылдын 26-июнунда "ТНК Дастан" ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунда 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча кирешелерди бөлүштүрүү тартиби бекитилген, анын ичинде 14 миллион 289 миң 455 сом өлчөмүндө дивиденд төлөп берүү.

Бир акцияга дивиденддин өлчөмү 1,43 сомду түзөт.
Дивиденддерди төлөө тартиби:
- төлөө күнү - 2020-жылдын 21-октябры.
- дивиденддерди эсептөө датасы (Тизме күнү) - 5-июнь, 2020-жыл.
- дивиденддерди төлөө формасы - накталай.