"МФК "АБН" ААКнун 1-чыгарылыштын катталган пайыздык облигациялары боюнча киреше төлөө жөнүндө билдирет



 

"МФК "АБН" ААК биринчи чыгарылыштын катталган пайыздык облигациялары боюнча экинчи пайыздык мезгил үчүн киреше төлөнгөндүгү жөнүндө жарыялайт.
Кирешелерди төлөө 2020-жылдын 10-июлунан тартып жүргүзүлөт.
Облигациянын номиналдык наркы - 1000 сом
Бир облигацияга түшкөн кирешенин суммасы (1 чыгарылыш) - 16%
Пайыздык кирешени алууга укуктуу облигацияларды кармоочулардын тизмеси 2020-жылдын 7-июлуна карата аныкталат.
Төлөө формасы - накталай.
Пайыздар облигацияларды кармоочунун банктык эсебине, ал берген арызга ылайык, же "МФК "АБН" ААКнун кеңсесинде, Бишкек ш., 4 мкрн., № 35/1 дареги боюнча жүргүзүлөт.
Маалымат үчүн телефондор: 51-11-51; www.abn.kg.
"МФК "АБН" ААКнун биринчи облигациясы 2019-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан катталган (KG 0201211511).