Өткөн жумада КФБнын тооруктар системасында 13 келишим катталды, келишимдердин саны мурунку жума менен салыштырмалуу 6 эсе коп. Экинчилик рыногунда акция жана облигациялар сатуу-сатып алуу процесси менен 5 компания откорду. Жогорку көлөму менен “Эл аралык аэропорт “Манас” ААК катталды.
Корпоративдик сектор
Баштапкы жана экинчилик рыногу
Бул жуманын ичинде баштапкы рынокто тооруктар катталган жок.
Тооруктардын көлөму экинчилик рыногунда жайгашты, жалпы суммасы 0,5 млн. сомго барабар. Сектордун 60% “Эл аралык аэропорт “Манас”ААК жөнөкөй акциялар менен орун алды да, баасы 330,0-331,20 сомду тузду.
Мындан тышкары «Северэлектро» ААК 1 келишим өткөрду, баасы 0,18 – 0,16 сомду тузду. Стратегиялык компаниялардан сырткары 3 келишим катталды, алар: «Аргымак» ААК (Ош ш.) суммасы 0,05 млн. сомду тузду, анын натыйжасында баалуу кагаздардын баасы мурунку көрсөткучкө келди да(155,0 сом), жуманын ичинде кайра 0,20 сомго тушту.
Сектордун 24% корпоративдик облигациялар орун алды, алардын ичинде: «Салым Финанс» МФК ААК (0,01 млн. сом) жана «Биринчи металлобаза» ЖЧК (0,1 млн. сом). Тооруктардын натыйжасында «Салым Финанс» МФК ААК облигацияларын баасы орточо баа менен 1 021,37 сомду тузду да, номиналдуу баасынан 21,37 сомго көтөрулду; а «Биринчи металлобаза» ЖЧК номиналдуу баасынан 26,67 сомго көтөрулду.
Листинг сектору
Өткөн жумада катталган тооруктардын натыйжасында, сектордун 89% листингдеги компаниялардын баалуу кагаздары болууда, анын ичинде:
7 келишим жөнөкөй акциялар менен болгон «Эл аралык аэропорт «Манас» жана «Северэлектро» ААК; корпоративдик облигациялар менен болгон 3 келишим «Салым Финанс» МФК ААК жана «Биринчи металлобаза» ЖЧК суммасы 0,1 млн. сом. Листинг секторунун жалпы тооруктардын көлөму 0,4 млн. сом тузду.
Соода көлөмунун аймактык тузуму
|
Областтын аталышы |
Келишимдердин көлөму (сом) |
Мезгил ичиндеги жалпы көлөм (%) |
|
Бишкек |
393 680,72 |
84,15 |
|
Ош обл. |
50 685,00 |
10,83 |
|
Чуй обл. |
23 491,45 |
5,02 |
Тармактык тооруктар көлөмунун тузуму
|
Экономика тармагы |
Келишимдердин көлөму (сом) |
Мезгил ичиндеги жалпы көлөм (%) |
|
Кызмат көрсөтуу |
434 152, 00 |
92,80 |
|
Өнөр жай |
23 491,45 |
5,02 |
|
Финансы |
10 213,72 |
2,18 |