Өткөн мезгилдин жыйынтыгы боюнча, КФБнын соода тутумунда корпоративдик сектордун 6 компаниясынын баалуу кагаздары менен жалпы суммасы 40,6 млн. сомго 10 бүтүм катталган, алардын 97% "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКнын 7-чыгарылышынын жөнөкөй акцияларын жайгаштырууга туура келген. Ошондой эле, компаниялардын үлүшү жана бир нече корпоративдик облигациялары менен операциялар катталган.
Корпоративдик сектор
Биринчилик жана экинчилик рыногу
Биринчи рынок бөлүмүндө жума ичинде "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКнын 7-чыгарылыш акцияларын жайгаштыруу боюнча 1 бүтүм катталган, анын көлөмү бир кагазга 100,0 сом баасында 39,6 млн сомду түзгөн.
Бир мезгил ичинде экинчилик рынокто 1,0 суммасында 9 бүтүм ишке ашырылган.
Сектор көлөмүнүн 79% "МФК "АБН" ААКнун (0,1 млн. сом), "Салым Финанс" ААКнун (0,5 млн. сом) жана "Биринчи Металлобаза" ЖЧКнун (0,2 млн. сом) корпоративдик облигациялары менен бүтүмдөру түзгөн, соодалоонун жалпы көлөмү 0,8 млн. сомду түзгөн. "МФК "АБН" ААКнун облигациялары номиналдык нарктан 15,56 сомго жогору сатылган, "Биринчи Металлобаза" номиналдуу денгээлде жайгашкан, "Салым Финанс" облигациясынын орточо баасы 942,39 сом номиналында 1000 сом түзгөн.
Сектордун акциялары менен 2 бүтүм жасалды, "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнун жана "Түндүкэлектро" ААКнун акциялары менен жалпы суммасы 0,2 млн. сомду түздү, натыйжада "Манас" компаниясынын үлүшүнүн баасы 330,0 сомго чейин төмөндөдү ( -3,0 сек.), "Түндүкэлектро" ишканасынын акцияларынын баасы 0,10 сомго чейин (-0,02 с.) төмөндөдү.
Листинг сектору
Листинг сектору 9 бүтүм менен көрсөтүлөт, анын ичинде:
0,2 млн. сом суммасында "Манас" эл аралык аэропорту" ААК жана "Түндүкэлектро" ААКнун жөнөкөй акциялары менен 2 бүтүм;
0,8 млн. сом суммасында "Биринчи металлобаза" ЖЧК, "АБН" МФК ААК,жана "Салым Финанс" ААК облигациялары менен 7 бүтүм.
Листинг секторунун жалпы соода көлөмү 1,0 млн сомду түздү.
Соода коломунун аймактык тузулушу
|
Областтын аталышы |
Келишимдердин колому (сом) |
Мезгил ичиндеги жалпы колом (%) |
|
Бишкек шаары |
40 637 296,00 |
99,96 |
|
Чуй облусу |
15 028, 10 |
0,04 |
Тармактык тооруктар коломунун тузуму
|
Экономика тармагы |
Келишимдердин колому (сом) |
Мезгил ичиндеги жалпы колом (%) |
|
Кызмат корсотуу |
39 991 040, 00 |
98, 37 |
|
Каражат |
646 256, 00 |
1,59 |
|
Онор жай |
15 028, 10 |
0,04 |