Жуманын жыйынтыгы боюнча (29-июндан 3-июлга чейин), КФБнын соода тутумунда 9 компаниянын баалуу кагаздары менен жалпы суммасы 0,6 млн. сомго 19 бүтүм катталган. Соодалоонун көлөмү 84%га төмөндөгөн, катышуучулардын жигердүүлүгүнүн төмөндөөсү, негизинен, экинчилик рынок бөлүмүндө байкалган, мында компаниялардын акциялары менен соода көлөмү 98% га, корпоративдик облигациялар 75% га төмөндөгөн.
Баалуу кагаздардын түрү жана листинг сектору боюнча, жума ичинде листингсиз компаниялардын акциялары басымдуулук кылган.
Корпоративдик сектор
Биринчи жана экинчи рынок
Биринчи рынокто «Кыргыз Винд Систем» ААКнун жөнөкөй акцияларын бир акцияга 50 000 сом баа менен 0,4 млн. сом суммасында жайгаштыруу боюнча 1 бүтүм катталган.
Экинчи рыноктун бөлүмүндө жалпы суммасы 0,2 млн. сом болгон 18 бүтүм ишке ашырылган.
Сектордун соода көлөмүнүн 81% "Ихсан-Орикс" ЖЧКсынын 0,2 млн. сом суммасындагы облигациялары менен бүтүм түзгөн, анын баасы номиналдык деңгээлден 33,50 сомго белгиленген.
"Голден Сан" ААК, "Бишкексут" ААК, "Кара-Балтинский ККП" ААК, "Нарынгидроэнергострой" ААК, "НЭСК" ААК жана "Бишкеккурулуш" ААК акциялары менен бүтүмдөр бир жума ичинде анчалык чоң эмес көлөмдө катталган, акциянын динамикасы көрсөтүлгөн эмес.
Листинг сектору
Жума күнкү соода көлөмүнүн 32% 0,2 млн. сом суммасында "Ихсан-Орикс" ЖЧКнын корпоративдик облигациялары менен 1 бүтүм менен кабыл алынган.
Соода коломунун аймактык тузулушу
|
Областтын аталышы |
Келишимдердин колому (сом) |
Мезгил ичиндеги жалпы колом (%) |
|
Бишкек шаары |
642 835,00 |
97,72 |
|
Башкалар |
15 016,00 |
2,28 |
Тармактык тооруктар коломунун тузуму
|
Экономика тармагы |
Келишимдердин колому (сом) |
Мезгил ичиндеги жалпы колом (%) |
|
Онор жай |
447 017,00 |
67,95 |
|
Кызмат корсотуу |
210 834,00 |
32,05 |